• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Брюсселде Түндүк Македонияны НАТОго кабыл алуу келишимине кол коюлду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Брюсселде Түндүк Македонияны НАТОго кабыл алуу келишимине кол коюлду. Келишимге Түндүк-Атлантикалык Альянстын 29 мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрү жана Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров кол койду.

Маалым болгондой, НАТОго кирген 29 мамлекет Македония менен Грециянын ортосундагы алакалар бир нукка түшкөн соң бул өлкө менен мындай келишимге жетишүүдө.

Эске салсак, Македония менен Греция былтыр келишимге келип, македондор өз өлкөсүнүн аталышын Түндүк Македония Республикасы деп өзгөрткөн.

Эми протокол НАТОго кирген 29 мамлекет тарабынан ратификация процессин өткөн соң, Македониянын бийлиги бул документти карап, кабыл алат.

Бул процесс 2019-жылдын аягына чейин бүтөрү күтүлүүдө. Андан соң Македония НАТОнун 30 мүчөсү болуп калат.

Пикир

Оставить комментарий