• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бруклин жана Чикаго шаарларына консулдук сапар уюштурулат - АКШдагы элчилик

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги 16-17-октябрь күндөрү Бруклин жана Чикаго шаарларына консулдук сапар уюштурат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында аталган шаарларда жашаган КР жарандары үчүн консулдук тейлөө иштери жүргүзөт.

"Эки күн бою кыргыз атуулдары жарандык паспортторун, ID-картасын жаңыртышып, мекенине кайтуу (СВР) жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрүн алышып, консулдук каттоодон өтө алышат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Элчилик кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 веб-сайтына баш багып, кызыктырган маселе боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келүүнү эскертет.

Белгилей кетсек, консулдук кызмат көрсөтүү Kyrgyz Community Centerдин имаратында 16-17-октябрь күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, КРнын шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого чейин биометрикалык маалыматын тапшырган жана элчиликте консулдук каттоого турган атуулдар гана добуш берүүгө катыша алышат. Кимде ким биометрикалык маалыматын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, добуш берүүгө катыша албайт.

Пикир

Оставить комментарий