• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК: 10 миң жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белгилерди даярдоого 740 миң сом коротулду

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. 10 миң жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белгилерин даярдоого 740 миң сом коротулган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, келишимге ылайык КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына 10 миң төш белги даярдалган. Төш белгилер атайын спектрдик талдоодон өтүп, сапаты жана өлчөмү сынактык документтердин техникалык талаптарына ылайык келет. Төш белгилери жергиликтүү кеңештердин депутаттарына тапшыруу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилет.

Эске сала кетсек, сынактык комиссия техникалык талаптарга жооп берген жана эң төмөн баага төш белгилерди даярдоону сунуштаган компанияны тандаган. Ал компания ар бир белгини 74 сомдон даярдап, 10 миң белгинин баасы 740 миң сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий