• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК: 10 шайлоо тилкесинде референдумга добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда 10 шайлоо тилкесинде башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. Бул тууралуу маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим шайлоо тилкелериндеги бузуулардан улам кабыл алынган.

"Ал эми президенттик шайлоодо 8 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий