• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК: 14-октябрь - “жымжырт күнү”

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча үгүт иштери токтотулуп, “жымжырт күнү” деп жарыялана турганын маалымдайт.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укуктары жок.

Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок.

Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан “жымжырт күнү” бузулган учурда БШК аларга карата чара көрүүгө укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий