• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

БШК 20 президенттикке талапкерди каттоодон баш тартты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 26.08.17 /Кабар/. 2017-жылдын 26-августунда КР БШКнын жыйынында кыргыз республикасынын президенти кызматына 20 талапкерди каттоодон баш тартуу маселеси каралды. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен 15 адам конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол коюлган барактарын тапшырган эмес, бул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 52, 53-беренелерин бузгандык болот. Каттоодон төмөндөгү жарандардан баш тартылды:
1. С. Абыкулов
2. А. Абышев
3. Т. Акимов
4. Турсунбай Бакир уулу
5. О. Болтуруков
6. М. Жумабеков
7. З. Муратбекова
8. Н. Нышанов
9. Т. Өмуралиев
10.Т. Таласбаева
11.Д. Токтосунова
12.М. Чолпонбаев
13.С. Энназаров
14.Б.Керимбеков
15.М. Мергенов.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына дагы беш талапкер Борборшайлоокомго мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты, кол коюлган барактарды тапшырган эмес. Бул талапкерлерди каттоодон баш тартууга негиз болду. Ошого ылайык каттоодон:
1. Р. Джунусовго
2. И.Трофимовго,
3. К. Мактымбаевге
4. Шерикул уулу Мирланга
5. П. Кенжекуловго баш тартылды.
26-августта 4 талапкер катталган. Кол коюлган барактарды 24 талапкер тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий