• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК 21 саясий партияны парламенттик шайлоого каттады

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алар:

1. «Бүтүн Кыргызстан»,

2. «Ата Мекен»,

3. «Ишеним»,

4. «Ынтымак»,

5. «Улуттар Биримдиги»,

6. «Ата-Журт Кыргызстан»,

7. «Ыйман Нуру»,

8. «Альянс»,

9. «Эл Үмүтү»;,

10. «Азаттык»,

11. «Улуу-Журт»,

12. «Мекенчил Эл»,

13. «Кыргызстандын Биримдиги патриоттук партиясы»,

14. «Социал-демократтар»,

15. « Аруузат»,

16. «Ордо»,

17. «Багыт»,

18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»,

19. «Легалайз»,

20. «Күчтүү регион»,

21. «Жашасын Кыргызстан».

2021-жылы 29-октябрда үгүттөө мезгили башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы “Талапкерлер жана партиялар” бөлүгүндө ар бир партия, талапкер тууралуу маалымат алып, шайлоо алдындагы программалары менен таанышууга болот. Каржылоо булагын жана сарптоолордун баардык беренелерин көрсөтүү менен партиялар менен талапкерлердин отчеттуулугун жарыялоо шайлоонун маанилүү учуру болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий