• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК: 24,5 миң жаран шайлоо участкаларынан сырткары добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20./Кабар/. Шайлоо участкаларынан сырткары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 24 миң 472 жаран 3-октябрь күнү мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтуусунда, шайлоо участкаларынан сырткары добуш берүү боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 29 миң 320 адамдан билдирме келип түшкөн. Күн мурун, 3-октябрда 24 миң 472 адам добуш берген. Бул келип түшкөн билдирмелердин жалпы санынын 83,5 пайызын түзөт. 16,5 пайызы добуш бере элек. Алар бүгүн өз добуштарын берсе болот.

Пикир

Оставить комментарий