• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК: 29-декабрга чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмеси Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, 2020-жылдын 10-ноябрынан тарта Тизме - порталында жайгаштырылган. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 19-ноябрынан тарта шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо участокторунда илинип турат, шайлоо участокторунун саны азыркы учурда 2 475ти түзөт, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 тилке да бар.

2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнча, шайлоочулардын саны 3 млн 544 миң 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 млн 693 миң 35, аялдар – 1 млн 851 миң 368 же болбосо 47,77 % жана 52,23%.

2020-жылдын октябрында болгон шайлоого салыштырганда, шайлоочулардын саны 20 миң 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого караганда 264 миң 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 миң 257 шайлоочуга көбөйгөн.

Шайлоочулардын санынын көбөйүшү калктын санынын өскөнүнө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча туруктуу иштерге, шайлоочулардын тизмесинин инклюзивдүүлүгүн көбөйтүү боюнча башка чаралардан улам, ошондой эле чет мамлекеттердеги жарандардын уюмдары менен иштешүүлөргө байланыштуу.

2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрынын кечине чейин жарандар өздөрүн алдын ала тизмелерден текшере алышат.

Текшерүү үчүн:

  • шайлоо участогуна келүү;
  • «Тизме» - шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен, кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат.

Ал эми добуш берүү күнүндө Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган же жүргөн жарандар 29-декабрдын кечине чейин чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге арыз жазып ага паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш берүү каалоосун билдирип кайрыла алышат. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде консулдук каттоодо турган, биометрикалык маалыматын берген жарандар чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Жогорудагы арыздарды берүү менен шайлоочулар биометрикалык идентификациялоодон өтүшөт. Ошондой эле “Тизме” порталындагы шайлоочунун кабинети аркылуу авторизациялоодон өтүү менен, арызды электрондук форматта берүүгө да болот.

Биометрикалык каттоо жок болгон учурда Кыргыз Республикасында жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелеринен, калкты тейлөө борборлору (ЦОН) аркылуу, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери жана консулдуктары аркылуу андан өтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий