• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК 4 талапкерди каттоодон баш тартты

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 08.08.17. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 4 талапкерди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын жыйынында кабыл алынган.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, БШК өзүнүн жыйынында айрым талапкерлерди каттабоо чечимин кабыл алган.

БШК президенттикке талапкер Н. Мамедов жана А. Сартаевдердин талапкерлигин алуу арызын канааттандырды. Аталган арыз 1–августта түшкөн.

Өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндөн кийин, 5 календардык күндө шайлоо фондун түзбөй, тиешелүү документтерди көрсөтпөгөнү үчүн БШК М.Кыдыралиева, М.Айманбаева жана К.Токтобаеваны талапкер катары каттоодон баш тартты.

Ошондой эле, мыйзамда көрсөтүлгөндөй жашынын жетпегенине байланыштуу Р. Ремневдин талапкер катары арызын мындан ары кароону токтотту.

8-августка карата президенттикке талапкерлердин саны 52 адамды түздү.

Пикир

Оставить комментарий