• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат

Саясат 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жокко чыгарган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

"КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдын 38-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо жокко чыгарылса, БШК бир айдын ичинде кайра шайлоону дайындап, аны шайлоо комиссиялары өткөрөт.

Мындан улам БШК 2020-жылдын 6-ноябрына чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий