• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК: Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

Аймак 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кечээ, 17-декабрь күнү өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Самат Койчуманов шайланды. Ал 17 добуш алган.

Жалпысынан Ала-Бука айылдык кеңешинде 31 депутат бар. Шайлоого 31 депутат катышкан. Айыл өкмөт башчысынын кызматына 2 талапкер ат салышкан.

Пикир

Оставить комментарий