• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК Асылбек уулу Дамирбекти мандатынан ажыратты

Саясат 0

Бишкек, 16.04.18. /Кабар/. ЖКнын депутаты Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШКга анын казак жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер түшкөн.

Аталган маселе боюнча бүгүн БШКнын жыйыны болуп, анда Асылбек уулу Дамирбектин мандатынан ажыратуу маселеси каралган.

“БШКнын жыйыны болуп, анда Асылбек уулу Дамирбекти мандаттан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, мурда Казакстандын укук коргоо органдары аткезчиликке шектелген бир топ адамды колго түшүргөн, алардын арасында “Кыргызстан” партиясынан депутат Асылбек уулу Дамирбек бар болгон.

Пикир

Оставить комментарий