• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК атаандаштык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүсү керек – А.Атамбаев

Президент 0


Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүү, андан тышкары өткөн жылы шайлоо процессин өткөрүүдө аныкталган кемчиликтер менен алешемдиктерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди. Нуржан Шайлдабекова мурдагы тажрыйбаны изилдеп чыккан Боршайком заманбап технологияларды колдонуу менен шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү сапатын андан ары арттыруунун натыйжалуу чараларына токтолду.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө шайлоо системасын өркүндөтүү чараларынын маанисин айтуу менен Боршайком таза шайлоолорду өткөрүүдө атаандаштык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий