• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК Бакыт Төрөбаевге КТРКдан өзүнчө эфирдик убакыт бөлүп берди

Коом 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. Боршайком президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев үчүн КТРКнын эфиринен өзүнчө убакыт бөлүп берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал эфирге 9-октябрда саат 17:55те чыгат. Телеканал Төрөбаевге КТРКнын расмий маалыматына ылайык 25 мүнөттүк эфирдик убакыт берет.

15-сентябрда БШК президенттикке талапкерлер ортосунда акысыз эфирдик убакыт берүү боюнча чучугулак өткөргөн. Анын жыйынтыгында Төрөбаевге 3-октябрда саат 21:30 убакыт берилген.

Бирок, Төрөбаевдин ыйгарымдуу өкүлү 26-сентябрда БШКга талапкерлер үчүн берилүүчү эфирден баш тартуу боюнча кайрылуу жөнөткөн.

29-сентябрда КТРКнын дарегине Төрөбаев мурдагы катын артка кайтарып алып, дебатка катышууга даяр экендигин маалымдаган билдирүү келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий