• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШК башчысы: «Биз жаңыдан каттоого турган жарандарга талдоо жүргүзүп, ошого жараша чара көрүүнү чечтик»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге жумушчу чогулуш өткөрдү. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандарды жапырт каттоолор жүрүп жатканы жөнүндө маселе талкууланып, жыйынтыгында ал багытта тийиштүү чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын башчысы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Мамкаттоо кызматынын маалыматына караганда, калк жыш жайгашкан көп жерлерде, айрыкча Ош, Токмок, Балыкчы, Каракол шаарларында жарандарды жеринде каттоонун кескин өсүү белгилери байкалган. Биз жаңыдан туруктуу каттоого турган жарандарды категорияларга бөлүү менен талдап чыгып, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүү чечимине келдик. Ошондо шайлоочулардын тизмесине киргизилген адамдардын саны так аныкталат», - деди БШК башчысы.

Ал президенттик шайлоодон кийинки эки жыл аралыгында шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөнүн белгиледи. «Быйыл өлкөнүн жалпы калкын каттоо өнөктүгү өтөт. Анан парламенттик шайлоо дагы өтүүгө тийиш. Ошондуктан, шайлоочулардын так тизмесин түзүү зарыл. Биз бир батирде же үйдө канча адамга чейин каттоого турса болот деген суроого жооп издедик. Көрсө, мыйзамдарда андай чектөө жок экен», - деп кошумчалады Нуржан Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, парламент жыйынында депутаттар Кенжебек Бокоев менен Жанар Акаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандар жапырт каттоого тургузулуп жатканы жөнүндө маселе көтөрүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуу сунушун киргизген. Депутаттардын пикиринде, мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий