• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК башчысы Ошто НТСтин журналисти сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова Ошто НТСтин журналисти сабалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу маалымат жыйында билдирип, журналист эрежени сактоодон баш тарткан соң аны добуш берүү залынан чыгарып коюшканын айтты.

“Мыйзам боюнча кабинкаларда добуш берип жаткан адамдарды тартууга болбойт. Себеби добуш берүү жашыруун болушу керек. НТСтин журналиста баш ийбей, кабинкаларды тартууну уланткан. Ушундан улам ал тилкеден күч менен чыгарылган. Эч кандай уруу болгон эмес”, -деди ал.

Эскерте кетсек, ЖМКларда бүгүн Оштогу №5325 шайлоо тилкесинде НТС телеканалынын журналисти Мирбек Айтикеев сабалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Пикир

Оставить комментарий