• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК башкаруу форманы аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Кечээ, 20-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 39,12%ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам (81,49%), парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам (10,91%) жана бардык варианттарга каршыга 62 миң 265 адам (4,47%) добушун берген.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

Пикир

Оставить комментарий