• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК Башкы прокуратура менен ИИМден 12 партиянын арызына укуктук баа берүүнү суранат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине 12 саясий партиянын арызын карап, андагы “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” саясий партиялары тарабынан мыйзам бузуулар боюнча материалдарга укуктук баа берүү үчүн жиберди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда КР БШКсына - “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясий партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясий партиядан арыз түшүп, анда төмөнкүлөрдү суранышат:

1. “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партияларына КР мыйзамдары боюнча чараларды карап, аталган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгаруу;

2. 2020-жылдын 4-октябрындагы КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын легитимдүү эмес деп таануу;

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра шайлоону дайындоо.

“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” саясый партияларына карата чараларды көрүү жана аталган партиялардын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгаруу боюнча арыздануучулардын талаптары боюнча БШК муну белгилейт, арыздануучулар административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу, добуштарды сатып алуу, добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу, шайлоочуларга карата коркутуп – үркүтүүлөр болгондугун жана башка мыйзам бузуулар орун алгандыгына шилтеме жасап жатышат.

Арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар Кылмыш кодекси жана Бузуулар жөнүндөгү кодекс боюнча жоопкерчиликти карайт. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга КР Жоруктар кодексинин 87-1-беренелери менен жоопкерчилик каралса, добуш берүүнүн жашыруундугун бузуу жана добуш сатып алуу КР Кылмыш кодексинин 191-192-беренелери боюнча жоопкерчилик каралып, булар боюнча сотко чейинки иштердин өндүрүшү ички иштер органдары тарабынан ишке ашырылат.

Ошентип, көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга укуктук баа берүүнү кароо мыйзам тарабынан прокуратуранын көзөмөлү алдында ички иштер органдарынын компетенциясына жүктөлгөн. Ал эми аткаруу органдарындагы кызмат адамдары жана жергиликтүү башкаруу органдары боюнча иштер – прокуратура органдарынын ыйгарым укугуна кирет.

Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы 7-октябрдагы 12 саясый партиянын арызын Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине алар тарабынан аттары аталган партиялардын мыйзам бузууларына укуктук баа берүү үчүн жиберди.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Бир Бол”, “Чоң казат”, “Республика”, “Мекенчил”, “Реформа”, “Ыйман нуру”, “Ата Мекен”, “Мекен Ынтымагы”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ордо”, “Афганистандагы жана башка локалдык согуштардын ардагерлеринин саясий партиясы”, “Социал-демократтар” сыяктуу 12 саясий партияларга мыйзам бузууларды көрсөтүп далилдеген фото-видео материалдарды жана башка далилдерди Башкы прокуратурага жана ИИМге жиберүүнү сунуш кылат.

Пикир

Оставить комментарий