• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК: Үч-Коргон жана Ак-Моюн айыл өкмөт башчыларын шайлоо болбой калды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон жана Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болбой калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Үч-Коргон айыл өкмөтүндө шайлоо болбой калды. Себеби, депутаттардын көбү добушун кандидаттарга эмес, “баардыгына каршы” категориясына беришкен. Жалпы депутаттардын ичинен 28и катышып, 3өө келген эмес.

Айыл өкмөт башчысы кызматына эки талапкер катталган: Алымкулов Ж.К. 10 депутат, ал эми, Эшалиев А.А. беш добуш алган. Алардын ичинен 13 депутат баарына каршы добуш берген.

Ал эми Нарын облусунун Ак-Моюн айыл өкмөтүндө айыл өкмөт башчысы кызматына бир да талапкер катталбагандыктан шайлоо өтпөй калды.

Мыйзам боюнча шайлоо кайра дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий