• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогунун түзүлүшүн бекитти, дагы экөө макулдашууда

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого өлкөдөн тышкары аймактарда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн шайлоо участокторун түзүү жөнүндөгү Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын чечими бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ушул этапта Кыргыз Республикасынын өлкөдөн тышкары жашап же иштеп жүргөн жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча бардыгы 42 шайлоо участогу бекитилди.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча, шайлоо участоктору Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча жана аккредитация болгон мамлекеттердин макулдугу менен чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик мекемелердин аймактарында уюштурулат.

Боршайкомдун жыйынында КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат боюнча департаментинин директору А. Имангазиев билдиргендей, Кыргыз Республикасынын РФдагы элчилигинин төрт канцеляриясы биринчи жолу Иркутск, Сургут, Южно-Сахалинск, Якутск шаарларында ачылып, аларда КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо участоктору ачылат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын көп сандаган жарандары жашап, иштеп жүрүшкөндүгүнө байланыштуу дагы эки шайлоо участогун Рим жана Париж шаарларында ачуу аккредитация болгон мамлекеттердин макулдашуусунда турат.

Конституциялык мыйзамда бир имаратта эки же андан көп шайлоо учактоктору түзүлсө боло тургандыгы каралган. Ушул негиз менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинде, Москва шаарында эки шайлоо участогу ачылат.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясынын төрагасы К. А. Маматов эми чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамын түзүү керектигин белгиледи.

Бишкек территориялык шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга, коомдук бирикмелерге, саясий партияларга участоктордогу шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү боюнча кайрылат. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынан тышкары жашап жүргөн жарандардын, коомдук уюмдардын, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин эсебинен түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого добуш берүүнү уюштуруу боюнча Кыргыз Республикасынан тышкары шайлоо участокторунун тизмеси:

№ п/п

№ ШКУ

Чет өлкөдөгү мекеме

Дареги

1.

2.

9001,

9005

Россия Федерациясындагы КР элчилиги

Москва ш, Большая Ордынка к 64.

3.

9009

Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу

Екатеринбург ш, Щорс к 54а, офис 5.

4.

9010

Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугу

Новосибирск ш, Крылов к 64/1.

5.

9002

КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы

Санкт-Петербург ш, Чехов к, ү. 14 б лит А, пом.2Н.

6.

9004

КРнын РФдагы элчилигинин Владивосток шаарындагы канцеляриясы

Владивосток ш, Алеутская к, 15 “В”, офис 402.

7.

9003

КРнын РФдагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы

Красноярск ш, проспект Мира 132.

8.

9022

КРнынУкраинадагы элчилиги

Киев ш, Печерский р-н, пер. Редутный 19/34.

9.

9023

КРнын Беларусь Республикасындагы элчилиги

Минск ш, Старовиленская к,57.

10.

9028

КРнын Казахстан Республикасындагы элчилиги

Нур-Султан ш, Дипломатиялык шаарча В-5, Кунаев к 1.

11.

9027

КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу

Алматы ш, Луганск к, 30 "А".

12.

9025

КРнын Өзбекистан Республикасындагы элчилиги

Ташкент ш, Мирзо-Улугбек району, Ниёзбекйули к, 6 проезд, үй 30.

13.

9024

КРнын Тажикистан Республикасындагы элчилиги

Душанбе ш, Саид Носиров к, 56 а.

14.

9011

КРнын Түркмөнстандагы элчилиги

Ашхабат ш, Гарашсызлыкшаелы, ү. 17.

15.

9012

КРнын Азербайджан Республикасындагы элчилиги

Баку ш, Башир Сафарли к,133 (Бизнес центр «SatPlaza», 16-кабат)

16.

9034

КРнын АКШдагы жана Канададагы элчилиги

2360 Massachusetts Avenue, NW, Washington D.C. 20008.

17.

9038

КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилиги

Ascot House, 119 Crawford str., London, W1U 6BJ

18.

9039

КРнын Швейцариядагы элчилиги

AvenueBlanc 51, 1202 Geneve

19.

9037

КРнын Бельгиядагы элчилиги

Rue de l`Abbaye 47, 1050 Bruxelles

20.

9032

КРнын Австрия Республикасындагы элчилиги

Invalidenstrasse 3/8, 1030 Wien

21.

9029

КРнын ФРГдагы элчилиги

Берлин ш.)

Otto-Suhr-Allee 146, 10585 Berlin.

22.

9030

Франкфурттагы-Майне шаарындагы консулдук агенттик

Broennerstrasse 20, 60313 Frankfurt am Main .

23.

9031

КРнын ФРГдагы элчилигинин Бонндогу бөлүмү

Aennchenstrasse 61, 53177 Bonn.

24.

9036

КРнын Түркия Республикасындагы элчилиги

Turan Gunes Bulvari, Galip Erdemcaddesi 25, Yildiz/Oran, Ankara 06450.

25.

9035

КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу

Lamartin Caddesi No:7, Taksim, 34437 Beyoğlu, İstanbul.

26.

9040

КРнын КЭРдеги элчилиги

г.Пекин, 10/11 King's Villas 18, Xiaun Road, 100016 г.

27.

9041

КРнын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу

г.Гуанчжоу, район Тяньхэ, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, к. 707.

28.

9019

КРнын Япониядагы

элчилиги

108-0073, г. Токио, Минато-ку, 1-5-7 Мита.

29.

9042

КРнын Корея Республикасындагы элчилиги

г. Сеул, Йонгсан-гу, Собингго-ро 91 лагиль 16-10 (Донгбингго-донг 28-17).

30.

9008

КРнын Индия Республикасындагы элчилиги

Д 2/2, ВасантВихар, г.Нью-Дели-110057.

31.

9048

КРнын Малайзиядагы элчилиги

10-кабат, WismaSinHeapLee, 346 JalanTunRazak, 50400 Куала-Лумпур ш.

32.

9045

КРнын Сауд Арабиясы королдугундагы элчилиги

6575 Amr Al Damri Street - Assafarat Dist. RIYADH 12511 - 3562 Kingdom of Saudi Arabia

33.

9046

КРнын Кувейт Мамлекетиндеги элчилиги

Кувейт ш, район Сурра, Блок 6, 13-көчө, Вилла -34.

34.

9050

КРнын Катар Мамлекетиндеги элчилиги

Доха ш, Лежбайлат-64, Вилла №7, №963 көчө.

35.

9051

КРнын БАЭдагы элчилиги

Bayn Al Jesrain, Villa 5, Qaryat Al BeriАбу-Даби.

36.

9044

КРнын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу

Дубай ш, Дейра, район Ригга Аль Бутеен, Грин Тауэр имараты, офис № 302.

37.

9043

КРнын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги

Тегеран ш, Пасдаран /Наренджестан к, 5, № 24 үй, почта индекси 19579-35611.

38.

9049

КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы элчилиги

Исламабад г, №12, 33-көчө. сектор F-8/1.

Пикир

Оставить комментарий