• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК депутат Текебаевге карата соттун чечими чыккан соң аны депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин карайт

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. БШК Өмүрбек Текебаевге карата соттун чечими чыккандан кийин аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин карайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымына караганда, алгач соттолгондугу боюнча чечим Жогорку Кеңешке келет, андан соң мыйзам чыгаруу органы БШКга арыз менен кайрылат.

Эске сала кетсек, Бишкек шаардык соту депутат Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий