• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК депутаттары Бишкек ШИИБинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына барышты

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жанарбек Алымов, регламент, укук маселелери жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева, Бишкек шаарынын вице-мэри Эрнис Зарлыков, Бишкек мэриясынын ККБ башчысы Нурлан Эшенбаев Бишкек ШИИБинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына барышты.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө депутаттар бул жайда административдик камакка алынган жарандарды кармоо шарттары менен таанышып, кабыл алуу жайынын негизги имаратын көрүп чыгышты. Ошондой эле, депутаттар тамактандыруу, медициналык тейлөө, камералардын санитардык жана гигиеналык абалы менен таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев майда административдик мыйзам бузуулар үчүн карапайым жана чет элдик жарандар түшкөн кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын абалы абдан начар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Э. Зарлыковго жана шаардык ККБ башчысы Н.Эшенбаевге кыска мөөнөттүн ичинде жайдын чатырын алмаштыруу, жылуулук, канализация жана вентиляция тутумдарын оңдоонун жалпы эсебинин бюджет жана каршы боюнча туруктуу комиссиянын кароосуна коюуну тапшырды. Депутаттар өз кезегинде каржы маселесин чечүүнү убада кылышты.

Пикир

Оставить комментарий