• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо боюнча штабдын биринчи отуруму өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясына жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча шаардык штабдын биринчи отуруму борбордук мэрияда өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, отурумга Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын вице-мэрлери жана шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Ушул жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоонун уюштуруу маселелери талкууланды.

Борбор калаанын төрт районунда райондук штаб жана 228 шайлоо участкалары түзүлдү: Ленин районунда - 62 УШК, Октябрь районунда - 59, Биринчи май районунда - 49, Свердлов районунда - 58.

Райондук акимиаттардын башчыларына УШКларды керектүү эмеректер, оргтехника, генераторлор жана башка керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу, ошондой эле ар бир шайлоо участкасында шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу тапшырылды.

Б.Кудайбергенов акимдерге, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилерине БШКнын депутаттарын кайрадан шайлоого кийлигишпөө жөнүндө эскертти. "Шайлоо административдик ресурссуз, ачык-айкын өтүшү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий