• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК: Депутаттыкка талапкер Саккараевден кош жарандык аныкталып, анын талапкерлигин каттоо токтотулду

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин талапкерлигин каттоону жокко чыгарды.

БШКдан билдиргендей, чечим М.Саккараевдин башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу толук маалыматты бербегендигинин негизинде кабыл алынды.

М.Саккараев документтерди берүүдө ал толтурган талапкер жөнүндө маалыматка кол коюу менен көрсөтүлгөн такталбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилген.

“Берилген маалыматты жана материалдарды талкуулап жана изилдеп, талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 38-беренесинин, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 59, 61-беренелеринин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Дж. Саккараевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды”, - деп айтылат маалыматта.

Кабыл алынган чечимге байланыштуу, аталган талапкер добуштардын кыйла көп санын алган округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алып, талапкерди каттоону жокко чыгарууну сот тартибинде даттануу ниети жөнүндө талапкер М.Дж. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн билдирүүсүн көңүлгө алып, БШК №31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча шайлоо натыйжаларын аныктоо жөнүндө маселени кароону убактылуу токтотту.

Пикир

Оставить комментарий