• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК Казакстандын Сенатына депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

Дүйнө 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин жогорку палатасына - Сенатка шайланган депутаттардын болжолдуу тизмесин жарыялады.

Акмолинск облусунан – Даурен Адильбеков; Актөбөдөн – Мухтар Джумагазиев; Алматы облусунан – Нурлан Кылышбаев; Атырадан – Гумар Дюсембаев; Түштүк-Казакстандан – Дуйсенгазы Мусин; Жамбыл облусунан – Абдалы Нуралиев; Батыш-Казакстандан – Нариман Турегалиев; Караганда облусунан - Рыскали Абдикеров; Костанай – Женис Нургалиев; Кызылордодон – Мұрат Бақтиярұлы; Мангистаудан – Бактыбай Чельпеков; Павлодардан – Нуржан Нурсипатов; Түндүк –Казакстандан – Ерик Султанов; Түштүк-Казахстандан – Алимжан Куртаев; Астана шаарынан – Едил Мамытбеков; Алматы шаарынан – Динар Нукетаева.

Жалпысынан ар бир облустан бирден жана Астана менен Алмата шаарынан бирден болуп жыйынтыгында 16 депутат шайланды. Облустук жана Астана, Алмата шаарынын шайлоо комиссиясы парламенттеги сенатка депутаттардын алган добуштарын саноонун жыйынтыгы менен БШК шайлоо 14 облуста жана эки шаарда өттү деп эсептээрин билдирди.

Эскерте кетсек, Сенаттардын шайлоосу 27-июнда саат 9:00 башталган.

Булак: КазТАГ

Пикир

Оставить комментарий