• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК Конституция долбоорун Брайль ариби менен басып чыгарды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын (ДМЧШ) шайлоо укуктарын камсыздоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу алдында КРнын Конституциясынын долбоорун өткөөл жоболор менен Брайль арибинде басып чыгарды. Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, бардык нускалар ДМЧ адамдар менен иштеген уюмдарга таратылды.

БШК ДМЧ адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо жана алардын коомдогу саясий турмушка катышуусун кеңейтүү боюнча дайыма бардык зарыл чараларды көрүп келет. ДМЧ шайлоочуларга атайын форматта маалымдоо үзгүлтүксүз ишке ашырылып турат. 2015-жылдан тартып бюллетендер Брайль ариби менен басып чыгарылып келатат.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде референдумдун катышуучуларын маалыматтык жактан камсыздоо максатында БШК КРнын Конституциясынын долбоорун «Эркин Тоо» газетасына 1 млн 100 миң нускадагы тираж менен жарыялады.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоорунун электрондук варианты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында «БШК билдирет» бөлүгүндө – https://shailoo.gov.kg/ru/faq// жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий