• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК КР президенттигине талапкер болгон 18 адамдын кол топтоо баракчасын бекитти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-декабрдагы жыйынында КР президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдору бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын жана талапкерлер менен алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөткөн кол коюлган барактардагы кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Инструкциянын 48-пунктуна ылайык, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү КР президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгы 30 миңге жеткиче текшерилет.

Жумушчу топтун маалыматына ылайык, шайлоочулардын анык кол тамгалары төмөнкү талапкерлерде аныкталды:

  1. Бабыржан Төлбаев;
  2. Садыр Жапаров;
  3. Аймен Касенов;
  4. Арстанбек Абдылдаев;
  5. Равшан Жээнбеков;
  6. Курсан Асанов;
  7. Элдар Абакиров;
  8. Адахан Мадумаров;
  9. Абдил Сегизбаев;
  10. Жеңишбек Байгуттиев;
  11. Мыктыбек Арстанбек;
  12. Клара Сооронкулова;
  13. Рашид Тагаев;
  14. Бактыбек Калмаматов;
  15. Каныбек Иманалиев;
  16. Имамидин Ташов;
  17. Канатбек Исаев;
  18. Улукбек Кочкоров.

Кол тамгалар коюлган баракчаларды текшерүү процедурасы КР президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү процедураларына эскертүү беришкен жок.

Андан мурда жумушчу тобу эки талапкердин К.Чороев менен К.Токтосуновдун шайлоочулардан топтогон кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.

КР БШКнын 7-декабрдагы чечиминин үстүнөн К.Чороев Бишкектеги Административдик сотко арыз жазды, ишти кароо күтүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий