• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетти

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Өлкөнүн Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин артка кайтарып берип, шайлоодон четтетти. Мындай чечим бүгүн БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.

Эске сала кетсек, кечээ, 24-август күнү саат 18:00гө чейин 4-октябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар тийиштүү документтерди БШКга тапшырышы керек болчу. Кийинчерээк «Кыргызстан» партиясы документтерди өз убагында тапшырууга жетишпей калгандыгы тууралуу маалымат тараган. Социалдык тармактарда БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын документтерди берүү убактысы оңдолгондугун көрсөткөн сүрөт жарыяланган. Белгиленгендей, партиянын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен. Ал эми каттоо журналында убакыт 18:01ден 17:59га оңдолгон. Бул коомчулукта жана башка партиялардын өкүлдөрүнүн арасында резонанс жаратты.

БШКдан партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишеним каты жок деп билдиришти. Ошондой эле документтерди алып келген адам БШК аларды кабыл алгандыгын тастыктаган билдирүү кагазын алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий