• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК “Кыргызстан” партиясынын документтерин каттоо боюнча кеңейтилген жыйын өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Боршайком “Кыргызстан” партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен партиялардын, коомчулуктун жана ЖМКлардын катышуусунда Жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышын өткөрөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ келип түшкөн документтерди карайт.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 2020-жылдын 24-августунда саат 18:00гө чейин талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн төмөнкү тиешелүү документтерди КР БШКга берүүгө тийиш:

- саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

- талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

- шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Талапкерлердин тизмеси жана талапкерлер жөнүндө маалыматтар кагаз түрүндө, ошондой эле электрондук таризде КР БШКга берилүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү саясий партиялар каттоого документтерин беришти:
1. “Актив”,
2. “Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы”,
3. “Мекен Ынтымагы”,
4. “Ата-Мекен” социалисттик партиясы,
5. “Мекенчил”,
6. “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“,
7. “Ыйман Нуру”,
8. “Замандаш”,
9. “Чоң Казат”,
10. “Реформа”,
11. “Республика”,
12. “Бүтүн Кыргызстан”,
13. “Социал-демократтар”,
14. “ “Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы,
15. “Мекеним Кыргызстан”,
16. “Ордо”,
17. “Кыргызстан”.

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесине ылайык, “Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзам менен бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу”.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча Жумушчу топ берилген документтерди изилдөөдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынын документтерине байланыштуу пикир келишпестиктерди эске алуу менен партиялардын, коомчулуктун жана ЖМКлардын катышуусунда Жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышын өткөрөт.

ЖМКлар билдиргендей, БШКнын каттоо журналында "Кыргызстан" партиясынын документтерди берүү убактысы оңдолгон. Белгиленгендей, партиянын өкүлдөрү документтерди мыйзамда белгиленген сааттан кеч алып киришкен. Ал эми каттоо журналында убакыт 18:01ден 17:59га оңдолгон.

Пикир

Оставить комментарий