• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК өлкөдөгү жаштар үчүн жарандык билим берүү боюнча ачык лекцияларды өткөрөт

Шайлоо 2023 0


Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. БШК өлкөдөгү жаштар үчүн жарандык билим берүү боюнча ачык лекцияларды өткөрөт. Бул тууралуу 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында БШК тарабынан уюштурулган жаштар менен онлайн жолугушуунун жүрүшүндө айтылды.

“КР президентин жана КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо тууралуу” конституциялык мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин 75 календарлык күндүн ичинде шайлоочуларга шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу, массалык маалымат каражаттары жана башка жеткиликтүү жолдор аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзү тууралуу маалыматты билүү зарылдыгы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик телерадио уюмдарга, башка телерадио уюмдарга жана санариптик берүүнүн социалдык пакетине кирген телерадио уюмдарга шайлоо процессинин бардык маселелери боюнча шайлоочуларга маалымат берүү үчүн акысыз эфирдик убакыт берилет.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көрсөтүлгөн, каттоодон өткөн талапкерлер, талапкердин жана саясий партиялардын шайлоо фондундагы каражаттарынын кирешеси жана чыгымдары, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фондундагы каржы отчеттору тууралуу шайлоочуларга маалымат берилип турат. Бардык маалыматты төмөнкү сайттан алууга болот: https://talapker.shailoo.gov.kg//

Талкуунун катышуучулары Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого катышуусун активдештирүү үчүн, биринчи кезекте, аймактарда, жарандык билим берүүнүн маанисин баса белгилешти. Андыктан, КР БШК шайлоо укуктары, аралаш шайлоо системасы, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, жаштарга квота бөлүп берүү ж.б. маселелер боюнча бардык облустарда активдүү жаштар үчүн лекцияларды уюштурууну ниет кылууда.

«Кыргызстандын шайлоочуларынын 31%ын 30 жашка чейинки жарандар түзөт. Андыктан жаштардын активдүү позициясы, жасаган тандоосу үчүн жоопкерчиликти түшүнүүсү абдан маанилүү. Шайлоого катышуу аркылуу жаштар добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасир эте алат. Реформанын толук жеткиликтүүлүк жана добуштарды эсептөөдө ачык-айрымдуулук сыяктуу жетишкендиктеринин артыкчылыгын пайдалануу керек” – деп, медиа жолугушууда шайлоо маселелери боюнча эксперт Авланбек Жумабаев белгилеп кетти.

Өткөрүлгөн жолугушуунун жыйынтыгында жаш шайлоочулар шайлоо процессинин негизги катышуучулары ким экендигин; шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө ким жооп бере тургандыгын; шайлоо процессин ким көзөмөлгө ала тургандыгын; добуш берүү канча убакытка созуларын жана кайсы жерден добуш берүүгө болоорун билишти, ошондой эле дагы башка бир катар суроолорго жооп ала алышты.

Пикир

Оставить комментарий