• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

БШК мүчөсү: Шайлоонун ишенимдүү өтүшүнө ага катышкан бардык тараптар жоопкер

Шайлоо 2021 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Искендер Гайпкулов парламенттик шайлоого даярдыктар, жаңы шайлоо мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен айтып берди. Ошондой эле угармандардын суроолоруна жооп кайтарды.

— 18-октябрдын кечинде талапкерлерден документтерди кабыл алуу токтоду. 22 саясий партия документтерин тапшырышты, шайлоо күрөөлөрүн төгүштү. Азыркы учурда алардын документтерин текшерүү башталды. Ал эми бир мандаттуу округдардан 333 талапкер өздөрүн өздөрү көрсөтүү жана саясий партиялардын көрсөтүүсү менен документтерин тапшырып, шайлоо күрөөлөрүн да төгүштү. Азыр алардын документтерин текшерүү башталды. Ошондо 28-октябрда текшерүү иштери, каттоо аяктап, 29-октябрдан тарта үгүт иштери башталат.

Азыркы жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча партияга анан партиянын ичиндеги талапкерге добуш берилет. Азыр Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын бардык аймактарында ушул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул шайлоочуларга да талапкерлерге да чоң жаңылык. Бул жолку шайлоодо эки бюллетень болот. Биринчи бюллетень бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлерди тандоо боюнча, экинчи бюллетень партияны анан партиянын тизмесинин ичиндеги 54 талапкердин ичинен шайлоочу өзүнө жакканын тандашы зарыл.

Ошондой эле 36 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча округдук шайлоо комиссиялары түзүлдү, райондор биригип калды, бир округда шайлоочулардын саны 100 миң адамга чейин барат. Мындан башка үгүт жүргүзүү иштеринде бир топ өзгөрүүлөр бар. Шайлоодогу жалпы өзгөрүүлөрдү элге толук жеткирүү үчүн бизге республикалык штаб жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү абдан чоң жардам берип жатышат.

Бюллетендерде талапкерлерди жайгаштыруу чүчү кулак менен чечилет. Бир мандаттуу округдарда да ар бир округ боюнча чүчү кулак өтөт. Ошондой эле партиялардын жайгашуусу да чүчү кулак менен чечилет. Ал эми партиялык тизме менен чыгып жаткан талапкерлер партия берген тизме аркылуу гана коюлат.

Талапкерлер шайлоо мыйзамын бузса, мисалы добуш сатып алуу, финансылык талаптарды аткарбаса шайлоо тизмесинен чыгарылышы мүмкүн.

Быйылкы парламенттик шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү Боршайком Улуттук, дагы башка банктар менен макулдашып, финансылык көзөмөлдү ачык жүргүзүлөт. Мисалы, талапкер жарнамага канча төлөдү, үгүтчүгө канча акча төлөдү, мунун баарын шайлоочу сайттан карап текшерип көрө алат.

Партиялык тизмеге Кыргызстандын жараны кайсы жерден болсо убактылуу каттоого туруп, партия үчүн гана добуш бере алат, ал эми бир мандаттуу округдан чыккан талапкерге шайлоочунун туруктуу каттоосу кайсы жерде болсо, ошол жерден гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир мандаттуу округдан ошол округда жашагандар добуш бере алат. Эч жерде каттоосу жок шайлоочулар шайлоого катыша албайт, тилекке каршы. Азыр шайлоочулар сайтка кирип же смс жиберип же тез линияга чалып, өз участогу кайда экенин тактап алса болот.

Майыптуулугу бар адамдар тууралуу ар бир участоктук шайлоо комиссиясында маселе чечилет. Айыл өкмөт башчысы, айыл башчысы өз аймактарындагы адамдардын абалы кандай экендигин билип, кимиси шайлоо участогуна келе албаса, алардын тизмесин участкалык шайлоо комиссиясына берип, алар көчмө урна менен андай адамдарга барышы керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууну негизги маселе катары эсептейт. Бул үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Партиялар 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүшөт. Ал эми бир мандаттуу округдан чыккан талапкер 100 000 сом төгөт. Партиялар шайлоо фондуларына 300 000 000 миллион сом каражат сала алышса, ал эми бир мандаттуу округдардан чыккан талапкерлер 10 000 000 сом каражат топтой алат. Эгер бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкер 5 пайыздык босогодон өтсө шайлоо күрөөсүн кайра ала алат. Ал эми саясий партиялар 5 пайыздык босогодон өтсө шайлоо күрөөсүн ала алышат. Андай босогодон өтпөй калгандар шайлоо күрөөсүнө төккөн сумманы ала алышпайт. Кээде аты-жөнү бюллетенге кирип калган талапкер да арыз жазып шайлоодон чыгып кетиши мүмкүн, андай учурда эч кандай күрөө кайтарылып берилбейт.

Жаңы шайлоо мыйзамдары кирип, жалпы шайлоочулардын болочоктогу депутаттарды тандоо мүмкүндүгү так болуп жатат. Шайлоочулар билимдүү, тажрыйбалуу, чындап Мекен үчүн иштей турган депутаттарды шайлоо мүмкүндүгу эми пайда болду. Бир чети бир мандаттуу округдардан чыккан жана партиялык тизме менен кетип бара жатышкан талапкерлер бир топ, ошондуктан бул жолу элдин шайлоого катышуусу активдүү болот деген үмүт бар.

Партиялар 5 пайыздык босогодон өтүшү керек, эгер партиялар андан өтпөй калса, андагы талапкерлер да өтпөй калышат.

Шайлоо процессинде анын бардык катышуучуларынын кызыкчылыгын бирдей карап, мыйзамдуу өткөрүүдө округдук, участкалык шайлоо комиссияларына негизги жүк жүктөлгөн. Азыркы жаңы мыйзамдар боюнча аларды ар тараптан окутуулар жүрүп жатат. Ошондой эле ар бир талапкерлерге үгүт иштерин кантип жүргүзүү, алардын финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн да окутууларды жүргүзүп жатабыз.

Шайлоонун ишенимдүүлүгүнө жетүү ага аралашкан бардык тараптардын жоопкерчилигине байланыштуу. Мисалы, партиялар, талапкерлер койгон байкоочулар добуш берүү аяктаган соң, адегенде бир мандаттуу округдардан добуш берүүнү санап, анан партияларга добуш берүүнү, андан кийин андагы талапкерлерге добуш берүүнү санап бүтүп колуна протокол алып шайлоо процесси бүткүчө аягына чейин болушу керек.

Партия шайлоодон өтүп, андагы эл каалаган талапкерлер өтүп келгенден кийин өткөн талапкер депутат болуудан баш тартып калса, анда тизмедеги кийинки талапкер депутат болот, ал эми бир мандаттуу округдан шайланган талапкер кийин андан баш тартса, ал округда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүнкү күндө Борбордук шайлоо комиссиясынын ар бир кылган ишин расмий сайттан көрүп турууга болот. Жумушчу топтордун жыйындары, кандай чечимдер кабыл алынып жатканын бардык шайлоочулар, талапкерлер каалаган учурда көрө алышат.

Шайлоо мыйзамындагы дагы бир жаңылык, бул шайлоодо партиялар 10 миң агитатор жалдай алышат, ал эми бир мандаттуу округдан чыккан талапкерлер 500 агитатор жалдай алат. Алардын бардыгы менен мыйзамдуу келишимдер түзүлүп, аткарган иши төлөнүшү зарыл. Мындан тышкары, партиялар, талапкерлер ишенимдүү адамдарды Боршайкомдон каттоодон өткөрүп шайлоого тартууга акысы бар. Шайлоо учурунда ар бир участокко экиден байкоочуну коюуга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий