• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК Нарын шаарында алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарындагы аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана участкалык шайлоо комиссиялары (УШК) менен мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык боюнча Нуржан Шайлдабекованын төрагалыгы алдында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Курманбек Кудайбергенов, Нарын шаарынын аймактык жана участкалык (21-УШК) жана Нарын районунун учаскалык (34 УШК) шайлоо комиссияларынын төрагалары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө даярдыктарды уюштуруу маселелери талкууланып, комиссиялардын айрым каталардын үстүндө иштөөлөрүнүн зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, добуш берүүнүн жана добуштарды саноонун ишенимдүү процедураларын бекем сактоо, идентификациялоо жабдууларын жана добушту автоматтык саноочу АСУ, маалыматтарды берүү жөндөмдөрүн жакшыртуу тууралуу да айтылды.

Эркин шайлоонун өзөгү катары добуш берүүнүн жашыруундугун камсыз кылуу баарынан маанилүү. Шайлоочулар тарабынан добуш берүүнүн жашыруундугу ачылган фактылар (сүрөткө тартуу ж.б.) көп болгондугуна байланыштуу, мындай фактыларга реакция жасоонун алгоритми да талкууланды.

Бюллетень жараксыз (жарабай калуу) болуп калышы ыктымал, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн жашыруундугун сактоо боюнча, бюллетенди сүрөткө, видеого тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.

Октябрда КР ЖКга болгон шайлоолордогу сабактарды эске алуу менен, шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын мыйзам бузуулар боюнча эффективдүү иштөөлөрү жана кабыл алынган чаралар тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берүүлөрү боюнча тапшырмалар коюлду.

Аймактык шайлоо комиссияларынын шаарлардагы жана райондордогу ыкчам аракет кылуучу координациялык топтору өз иштерин КР БШКнын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобу менен өз ара тыгыз иштеше тургандай түзүүлөрүнүн зарылдыгы айтылды. Бардык АШКлар менен УШКларга түшкөн даттануулардын бардыгы БШК сайтындагы даттануулардын бирдиктүү Реестрине ыкчам берилип турушу керек. Ошондой эле билим берүү тармагынын кызматкерлеринин шайлоо процессине аралашуусу талкууланып, КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо билим берүү кызматкерлерин талапкерлерди колдоп кол чогултууга жана агитация процессине катышуусуна жол бербөө белгиленди.

БШК төрайымы мугалимдерге шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазылык билдирип, алардын жогорку компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо системасынын иштөөсүнүн маанилүү негизи экендигин белгилеп өттү. Ошол эле учурда шайлоого даярдык учурунда комиссия мүчөлөрүнө айлыктарын сактоо менен эс алуу бербегендиктери үчүн Бузуулар кодексинде юридикалык жоопкерчилик (айып төлөө) каралгандыгы да белгиленди.

Маалымат үчүн: Нарын шаарында 30 575 шайлоочу бар. Шаарда добуш берүүнү уюштуруу үчүн 21 участок ачылган. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 255 мүчөсү камсыз кылууда. Нарын районунда 33009 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсү үчүн 34 участок ачылган. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 352 мүчөсү камсыз кылышууда.

Пикир

Оставить комментарий