• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК Ноокат шаарында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуудан өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тренингдин темасы “2021-жылдагы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” болгон.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев алдыда өтүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле шайлоо процессинин, добуш берүүнүн аныктыгына жана айкындуулугуна, шайлоонун атаандаштыгына багытталган чаралар жана ресурстар тууралуу маалымат берди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттинк шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий