• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

БШК парламенттик шайлоодогу округдардын схемаларын жана чек араларын бекитти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелери боюнча Жогорку Кеңештин 54 депутатын пропорционалдык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп саналат. Мында Кыргызстандын аймагынан тышкары жашаган шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.

Ал эми Жогорку Кеңештин 36 депутатын мажоритардык тутум боюнча шайлоо өткөрүү үчүн бир мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын аныктоо маселесин ар тараптуу талкуулоо үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча Ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Талкууларга облустардагы жана райондордогу мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Мыйзамдарга ылайык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:

  1. шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
  2. шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
  3. ушул көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.

Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мыйзам талаптарына ылайык калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарга негизденди.

Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин (СӨМ) 2021-жылдын 4-сентябрына карата маалыматтарына ылайык шайлоочулардын саны жалпысынан 3 686 921 адамды түзөт, КР ТИМдин чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар тууралуу КР ТИМдин маалыматтарын эсепке албагандагы сан – 3 617 141 адам.

Ар бир округ 100 миң 476 шайлоочу +/- 20% болжолдуу саны менен түзүлөт.

Округдардын санын облустар боюнча бөлүштүрүү схемасы төмөнкүдөй:

Облус

Шайлоочулардын саны

Округдардын саны

Бишкек

428 599

4

Ош, Ош облусу

898 569

9

Баткен облусу

305 053

3

Жалал-Абад облусу

686 364

7

Талас облусу

163 109

2

Чүй облусу

609 774

6

Нарын облусу

209 101

2

Ысык-Көл облусу

316 572

3

Баардыгы:

3617141

36

Бир мандаттуу шайлоо округдарынын катар номуру расмий тилдеги алфавит тартибинде жүргүзүлөт: адегенде Баткен облусу, андан кийин – Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Талас облусу, Чүй облусу, Бишкек шаары, Нарын облусу, Ысык-Көл облусу.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда башкача айтканда 2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий