• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча бюллетендин формасын жана текстин бекитти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти.

БШКдан билдиришкендей, аталган чечим “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий