• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 17-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону уюштуруу жана даярдоо боюнча чыгымдардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Шайлоо комиссияларынын шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө жана аларды уюштурууга байланышкан, шайлоо процесстерин башкаруу, окута турган жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүсү, кабыл алынган мыйзамдык процедураларга ылайык чыгымдардын бекитилген сметасынын чегинде, республикалык бюджеттин эсебинен аткарылат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу БШК иш-чаралар процессин уюштуруу үчүн өтө зарыл болгон чыгымдардын сметасын майда-чүйдөсүнө чейин түздү. Сметаны иштеп чыгууда бир шайлоодон экинчи шайлоого чейин көлөмү кайталанган жана системалуу мүнөзгө ээ болгон, шайлоолорду (референдумдарды) өткөрүү жана даярдоо боюнча уюштуруучулук иштерге/кызмат көрсөтүүлөргө, жабдуулардын топтомуна, материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө, Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары койгон ченемдер, коэффициенттер, лимиттер, ставкалар колдонулду.

Бул сметада 2462 шайлоо участокторунун ачылышын, анын ичинен чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн кыргызстандыктар үчүн 42 шайлоо участогун чет өлкөлөрдө ачуу эске алынат.

Адатта бир шайлоо комиссиясында 10-12 адам иштесе, анда жалпы шайлоо участокторунун комиссияларындагы мүчөлөрдүн саны 30 833 адам – территориялык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү болсо (финансылык кызматкерлер) – 650 адамды түзөт. 2017-жылдан тарта территориялык шайлоо комиссияларынын жана участоктордогу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү шайлоону өткөрүү жана даярдык көрүү мезгилинде айына 2,0-3,0 миң сомдон сый акы алышат.

Ошондой эле шайлоочулардын саны да эсепке алынып аларга да бир катар эсептөөлөр жасалды. 2020-жылдын 16-июлуна карата алдын-ала тизме боюнча өлкөдө 3 429 043 шайлоочу катталган, бул 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодогу шайлоочуларга караганда 667 746 адамга көп.

Ал эми ишке тартыла турган кызматкерлердин саны шайлоочулардын санына жараша эсептелет. Айтсак, идентификациялоочу операторлордун саны 600 шайлоочуга бир оператор деген ченем менен эсептелет.

Мындан тышкары добуш бере турган күнү жана анын алдыңкы күнү БШКнын күнү-түнү иштей тургандыгына байланыштуу, ТШК жана УШК мүчөлөрүнө, ишке тартылган идентификация операторлоруна (1846 адам), коопсуздукту жана тартипти камсыздоочу ИИМ кызматкерлеринин (4680 адам) тамак-ашына бир күндө 500 сомдон бөлүнөт.

Ошол эле учурда финансылык ачыктыкты камсыздоо максатында, бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттардын эсебине жана отчеттуулугуна карата жаңыча ыкмалар иштелип чыкты.

Шайлоо комиссияларынын жана андан төмөнкү комиссиялардын андан ары каржылануучу чыгымдарынын сметасын түзүүдөгү жаңы ыкма, ТШК менен УШКнын чыгымдарынын корголгон статьялары боюнча акча каражаттарын ТШКга берүү болуп эсептелет: 2111 “Айлык акы”; 2121 “Соцфонд төлөмү”; 2211 “Кызматтык барып-келүүлөрдүн чыгымы”; 2215 “Башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”; (окутууга кеткен чыгым, күнүмдүк каражат).

Төмөнкү шайлоо комиссияларынын – ТШК жана УШКнын чыгымдарынын башка статьялары (2212 “Байланыш кызматы үчүн төлөмдөр”, 2214 “Транспорттук чыгымдар”, 2215 “Башка товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуу”, 2222 “Учурдагы чарбалык иштер үчүн предметтер менен материалдарды сатып алуу”) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, борборлоштурулган тартип менен төлөнөт.

Акча каражаттарынын отчеттуулугу жана эсеби боюнча финансылоонун тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык, шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү жана даярдоо боюнча планды өз убагында материалдык-техникалык камсыздоо максатында, республикалык бюджеттен каржыланып жана ишке ашырууну узак убакыт талап кылган (товарларды, иштерди/кызмат көрсөтүүлөрдү жана башкаларды) иш-чараларды алдын ала аткара берүүгө болот. Бул үчүн өткөрүлгөн конкурстун/же аларды каржылоо боюнча шайлоо, референдум өткөрүү боюнча жогорудагыдай чечимди кабыл алуу аркылуу поставщиктер менен тиешелүү келишимдерди түзүп иштерди баштоого болот.

2020-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамы менен 2020-жылдагы жалпы шайлоолорду өткөрүүгө пландуу чыгымдар 732 млн. сом суммасында бөлүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы сарамжалдоонун аркасы менен, суммасы 446 млн. 900 миң сом болгон сметаны бекитти.

Боршайком шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүүнүн жүрүшүндө шайлоочулар менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоолордун алдын алат, буга корой турган сумма 60 млн. сомду түзөт. Бул маселе боюнча дайындалган шайлоонун өтө зарыл болгон муктаждыктарына көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришкен БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), KOICA, ОБСЕ, Япониянын, Түштүк Кореянын, Германиянын, Швейцариянын элчиликтери, ЮСАИД жана башка эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий