• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК: Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер БШК мүчөсүнүн ыйгарым укугуна кирбейт

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШК мүчөсү Акылбек Эшимовдун «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмышка шектүү катары кармалуусу боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

Партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укугуна кирбейт, партиялардын мындай маселелерди чечүүсүнө кийлигишкенге БШКнын укугу жок, кийлигишпейт.

Шайлоодо партиялардын талапкерлеринин тизмесин түзүү маселеси партиянын гана ички компетенциясына кирет: партиялар шайлоого талапкерлердин тизмесин өз алдынча түзөт жана өз съездинде бекитет.

“Демек, укук коргоо органдарынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жагдайдын БШК ишмердигинин маселелерине эч кандай тиешеси жок. БШК компетенттүү органдар тарабынан объективдүү жана калыс иликтөө жүргүзүлөт деп ишенет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КР жараны "А.Д." БШКнын азыркы мүчөсү "А.Э."ге карата чараларды көрүү боюнча КР УКМК арыз менен кайрылган. БШКнын азыркы мүчөсү "А.Э." "Кыргызстан" саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 миң долларын жаран "А.Д."га кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2021-жылдын 11-сентябрында "А.Э."нын Кыргыз Республикасынын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү ("Алдамчылык") өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий