• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК президенттик шайлоодон кийин гана жаңы мекемеге көчөт

Коом 0

Бишкек 31-март /Кабар/. КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодон кийин гана жаңы мекемеге көчөт. Бул тууралуу журналисттер менен жолугушууда БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“БШК тууралуу мыйзамдарга ылайык, Өкмөт бизге “Айыл банк” ААКтын мекемесин сунуштаган. Бирок, биз алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу ири кампаниянын алкагында бул маселени өлкө башчысын шайлоодон кийин гана кароо чечимине келдик”,-деди Н.Шайлдабекова.

Анын айтымында, Өкмөт мамлекеттик мүлктү башкарат. “Алар бизге бул имаратты сунуштаганда, бул бизге туура келерин айтканбыз. Бирок, үстүбүздөгү жыл – шайлоолордун жылы. Ал эми көчүү процесси 6 айга созулат, ошол себептен бул сунушту азырынча кое турууну туура көрдүк. Өкмөт “Айыл банк” жайгашкан мекеменин ижарасын 3 жылга узартканы тууралуу маалыматтар бар, демек бизге башка имарат табышат”,-деди БШК башчысы.

Эскерте кетсек, мындан мурда БШК Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 50 дарегинде жайгашкан “Айыл банктын” мекемесине көчүрүлөрү тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми “Айыл банк” башка мекемеге көчүү процессин баштаган. Алар мекемени жылына 21 млн сом төлөп ижарага алышары айтылган. Бирок, кийин КР Өкмөтү “Аыл банк” ААКтын борбордук кеңсеси жайгашкан мекеменин ижара мөөнөтүн 3 жылга узартты.

Пикир

Оставить комментарий