• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК президенттик шайлоону 10-январга белгиледи

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 24.10.20. / Кабар/. Мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 10-январга белгиленди. Мындай чечим БШКнын отурумунда кабыл алынган “Кабар” агенттигине БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Мыйзамга ылайык президент кызматтан кеткенден кийин мөөнөтсүз шайлоо үч ай ичинде өтүшү керек. Эгер парламент президент кызматтан кеткенден кийин бир жума ичинде шайлоо күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо расмий түрдө белгиленди деп эсептелет. Ага байланыштуу шайлоону 2021-жылдын 10-январында өткөрүү сунушталган.

БШКнын мүчөлөрү шайлоону 10-январда өткөрүү сунушун колдогон.

Пикир

Оставить комментарий