• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 30-октябрда угузат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 27.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы дүйшөмбү, 30-октябрда президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын угузат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, бул талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева 25-октябрда сотко даттангандыгы менен байланыштуу.

“Кечээ, ал биринчи инстанцияда утулуп калды, бирок ал Жогорку сотко да кайрылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу биз акыркы убакытка чейин күтүп, андан соң гана дүйшөмбү күнү президенттик шайлоонун акыркы расмий жыйынтыгын угузалы деп жатабыз. БШК дүйшөмбү күнү жыйынтыкты айтууга даяр”,-деди Осмоналиев.

Ал билдиргендей, Үмөталиева Бишкектеги кошумча шайлоо тилкелери мыйзамсыз деп айтууда.

“Ал шайлоочулар ассоциациясынын башчысы Керимбековдун айткандарын кайталап жатат. Ошол эле арыз ал тарабынан жазылган. Башка талапкерлерден даттануулар жок”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий