• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтууга даяр. 1-декабрда инаугурация болушу мүмкүн

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 24.10.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрда президенттик шайлоонун жыйынтыгын айтууга даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын өкүлү Кайрат Осмоналиев билдирди

Анын айтымы боюнча, күн мурун БШК аймактык шайлоо тилкелеринен шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколдорду кабыл алууна аягына чыккан.

“Боршайком аларды дагы бир ирээт текшерип чыгат, эгерде бардыгы жайында болсо, анда, жуманын аягында расмий жыйынтыкты айтууга даярбыз”,-деди ал.

Анын билдирүүсүнө караганда, БШК үч күндүн ичинде жыйынтыкты ММКга жарыялашы керек.

Осмоналиев кошумчалагандай, мыйзам боюнча БШКнын 3-нябрга чейин убактысы бар.

“ММКда жыйынтык боюнча расмий маалымат жарыяланган соң, 30 календарлык күндүн ичинде жаңы президенттин инаугурациясы өтүшү керек”,-деди юрист.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо өттү. Кыргызстандын жаңы президенти болуп Сооонбай Жээнбеков шайланды. Ал 54,8 % шайлоочулардын добушун алган.

Пикир

Оставить комментарий