• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

БШК президенттик шайлоонун жыйынтыгын октябрдын аягында угузушу мүмкүн

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.10.17 /Салтанат Абдраева –Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын октябрдын аягында угузушу мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмононалиев билдирди.

Анын айтымы боюнча, мыйзам боюнча БШК шайлоо өткөрүлгөндөн соң, 20 календардын күндө жыйынтык чыгарышы керек.

“Бизде аймактык комиссиянын системасы бар, алар протокол түзүшөт, кийин ал протокол жазылып, аймактык комиссияга жөнөтүлөт (АШК), Эгерде аймактык деңгээлде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда даттанууга үч күн берилет. Эгерде аймактык шайлоо комииссиясына да даттануулар болсо, ага да үч күн убакыт берилип, кийин протокол БШКга келет. Булардын бардыгы жыйырма күндүн ичинде жасалып бүтөт”,-деп түшүндүрдү ал.

Анын билдирүүсүнө караганда, арыз жана кайрылуулар анча деле жок.

“Президенттик шайлоо ачык-айдың, мыйзамдуу түрдө өттү. Биз БШКнын чечими ыкчам болот деп ишенебиз. Ушул айдын аягында расмий жыйынтыкты угузабыз”,-деди ал.

Ошондой эле ал инаугурация боюнча да түшүндүрмө берип кетти.

“Азыркы президент 1-декабрга кызматка киришкен, жаңы шайланган президенттин да инаугурациясы 1-декабрда болсо жакшы болот го”,-деди БШКнын өкүлү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо болду. Ага бардыгы болуп 11 талапкер ат салашкан. Болжолдуу жыйынтык боюнча талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,79% добуш алган.

Пикир

Оставить комментарий