• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

БШК президенттикке талапкерлердин документин текшерип баштады

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 1-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин койгон жарандардын документтерин текшерүүнү баштады. Бул тууралуу брифингде БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал, кечээ саат 00:00дө документтерди кабыл алуу токтогонун билдирди.

“Бизде жалпысынан өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары 48 жаран арыз беришкен, ал эми 11 талапкерди саясий партиялар көрсөткөн. Талапкерлердин арасында 7 аял, 51 эркек бар. ошондой эле, 7- жаран мамлекеттик кызматта иштейт. 7 - коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, 9 - пенсионер, 9 - жумушсуз. Талапкерлердин арасынан 43ү 5 күндүн аралыгында шайлоо фондун ачкан. Ал эми 12 талапкердин азырынча убактысы бар. Дагы 4 жаран убагында шайлоо фондун ача алган жок”,-деп билдирди Шайлдабекова.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий