• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК расмий түрдө президенттик шайлоодо Жээнбековдун жеңишин тааныды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 30.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы расмий түрдө президенттик шайлоодогу Сооронбай Жээнбековдун жеңишин тааныды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымы боюнча, КРнын Конституциясынын 74-беренесине ылайык БШК президенттик шайлоонун өтүшү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзүп берген. Бардыгы болуп 3 млн 14 миң 400 шайлоочу катталган. Алардын жалпы шайлоочулардын санынан 1 млн 797 млн 868 адам – 56,34% шайлоого катышкан.

Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгына ылайык, КСДП фракциясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,22% добуш алган.

Башка талапкерлер:

Зарлыков – 0,09%

Үмөталиева – 0,09%

Малиев – 0,10%

Абдылдаев – 0,12%

Бекназаров – 0,16%

Кочкоров – 0,50%

Масадыков – 0,64%

Сариев – 2,55%

Мадумаров – 6,57%

Бабанов – 33,49%

Андан сырткары, барына каршы 12 иң 371 адам добуш берген (0,73%).

БШКнын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Гүльнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын таануу боюнча протоколго кол коюудан баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий