• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти

Шайлоо 2021 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы 24-ноябрдагы отурумунда "Социал-демократтар" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду каттоону жокко чыгарды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечимге БШКнын 10 мүчөсү добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Момбековдун Ж.Баласагын атындагы КУУнун дипломунун жасалма экени тууралуу ишти иликтеп жатканын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий