• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

БШК: Саясий партиялардын шайлоо фондуна 221,3 млн сом, бир мандаттуулардын фондуна - 253,2 млн сом түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Саясий рпартиялардын шайлоо фондуна 221 млн 300 сом, ал эми бир мандаттуу талапкерлердин шайлоо фондуна 253 млн 200 миң сом түшкөн. Бул тууралуу брифинг учурунда БШКнын шайлоо фондоорунун ачык-айкындуулугу боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Искендер Гайпкулов билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялардын фондуна түшкөн каражаттын ичинен 99,8 млн сомду талапкерлер, партиялардын фондунан 55,3 млн сом, физикалык жактар тарабынан 60,1 млн сом жана юридикалык жактардан 400 миң сом которулган. Ошентип, 27-ноябрга карата партиялар шайлоо процессине бул каражаттын 200 млн 700 миң сомун коротушту.

"Ал эми бир мандаттуу талапкерлер боюнча 253,2 млн сом түшкөн, мунун ичинен 48,5 млн сом ар бир талапкер тарабынан которулган, 183,3 млн сом физикалык жактардан түшкөн, бүгүнкү күнгө карата бир мандаттуу талапкерлердин фондунан 201,9 млн сом каражат шайлоо өнөктүгү учурунда жумшалды. 52,3 млн сом талапкерлердин фондунда турат. Салыштыруу үчүн айта кетейин, 2020-жылдын октябрь айында 16 партия 668 миллион сом коротсо, 2021-жылдын ноябрь айында 21 партия 208 миллион сом короткон", - деди ал.

Гайпкулов белгилегендей, 1 саясий партия жана бир мандаттуу округдан 287 талапкердин ичинен 23 талапкер өздөрүнүн каржылык отчетторун тапшырышкан эмес, БШК талапкерлерге жана саясий партияларга жазуу түрүндө билдирүү берилди. Алар кыска убакытта биринчи отчетун, андан кийин 8-декабрга чейин экинчи отчетун тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, быйылкы шайлоодо 22 партия атайын фонд ачкан, анын ичинен бир партия шайлоого катышуудан баш тарткан бир мандаттуу округдан 321 талапкер фонд ачкан, андан 34 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Пикир

Оставить комментарий