• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК Салянова менен Иминовду мандаттарынан ажыратты

Коом 0

Бишкек, 03.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КРдин Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Аида Салянова (“Ата-Мекен”) менен Фархат Иминовду (“Республика Ата-Журт”) мандаттарынан ажыратты.

“Кабар” агенттигине БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, Аида Саляновага байланышкан соттун расмий чечими алынган. Ага байланыштуу БШКнын жыйынында аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алынган.

“Андан тышкары Иминовдун жана “Республика-Ата Журт” фракциясынын берген арызынын негизинде ал дагы мандатынан ажыратылды”,-деп билдирди ал.

Салянова менен Иминовдун ордуна парламентке келе турган депутаттар тууралуу БШК азырынча чечим кабыл ала элек.

Пикир

Оставить комментарий