• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

БШК шайлоо бюллетендерин толтурууда кандай калем колдонула тургандыгын айтты

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүдө шайлоо бюллетендерин толтурууда кандай калем колдонула тургандыгын айтты .

БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көрсөткөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт.

БШК буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт.

"Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Пикир

Оставить комментарий