• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

БШК шайлоо жана добуш берүү бюллетендерин аймактарга жана чет жактагы участокторго жиберди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-январында “Учкун” ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө - 3567138 бюллетень даярдалды. Андан сырткары, 4948 бюллетень Брайл шрифти менен даярдалды.

Бишкек шаарына 417 миң 341, Ош шаарына – 151 миң 168, Жалал-Абад областына – 667 миң 265, Ош - 723 миң 620, Баткен – 297 миң 574, Нарын областына – 202 миң 710, Ысык-Көл – 308 миң 91, Талас – 158 миң 54, Чүй – 592 миң 155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 491 миң 60 бюллетен жиберилди.

Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө - 3567138 бюллетен даярдалды. Андан тышкары, 4 948 бюллетен Брайл шрифти менен даярдалды.

Бишкек шаарына - 417341, Ош – 151168, Жалал-Абад областына– 667265, Ош – 723620, Баткен – 297574, Нарын областына – 202710, Ысык-Көл – 308091, Талас – 158054, Чүй – 592155, чет өлкөлөрдөгү участокторго – 49160 бюллетен жиберилди.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана Кырыгз Республикасынын референдумун өткөрүүгө 7 134 276 бюллетен даярдалды.

Бюллетендердин саны 2021-жылдын 2-январында “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелген.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык, участкалык шайлоо комиссияларына берилүүчү шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин саны шайлоо участокторундагы тизмеге киргизилген шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашпоосу керек (иш жүзүндө 1 УШКга 1-2 бюллетенден ашык эмес).

“Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз (күнү-түнү) басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн. “Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендердин партиясын көзөмөлдөн (тестирлөөдөн) өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздашты.

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендеринин ар бирин Автоматтык эсептөөчү урна (АЭУ) анык таанышы үчүн атайын коргоочу боёк менен сырдалып жогорку деңгээлде корголгон.

Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо бюллетен түссүз, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн бюллетень көгүш түстө даярдалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендерди акты менен өткөрүп берет.

Бюллетендерди өткөрүп өткөрүп берүүдө талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул”, “каршы” менен “бардык түрүнө каршы” топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Шайлоо бюллетендери жана добуш берүү бюллетендери баардык коопсуздук чаралары каралган атайын байланыштагы транспорт менен жиберилет.

Маалымдама: Басмаканада жокко чыгарылган бюллетендер Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акты менен өткөрүлүп берилет. Жараксыз жана ашыкча бюллетендер өткөрүлүп берилгенден кийин, КРнын БШКсынын 3 мүчөсүнүн катышуусунда, талапкерлердин өкүлдөрү, “макул”, “каршы” жана “баардык түрүнө каршы” топтордун 2ден кем эмес өкүлү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жок кылынганы тууралуу баардык катышуучулардын колу коюлган акты түзүлөт.

Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуп басмакананын, шайлоо комиссияларынын имаратынан алып чыгууга, ошондой эле бюллетендерди көчүрүп алууга жана таратууга тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий